Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 07.01.2019 09:35 На русском

Жолдошбек Ибраев Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын директору болуп дайындалды

Turmush -  Жолдошбек Ибраев Нарын жогорку чыңалуудагы ишканасынын директору болуп дайындалгандыгын ишкананын администрациясынан маалымдашты.

Бул ишкананын мурунку директору пенсия курагына келгендигине байланыштуу өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган болчу.

Ибраев Жолдошбек Чубакович 1966-жылы 28-апрелде Нарын шаарында төрөлгөн. 1973-1983-жылдары №3 С.М.Киров атындагы орто мектебин бүтүргөндөн кийин, Фрунзедеги политехникалык институттун энергетика факультетине тапшырган. 1984-1986-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Аскердик милдетин өтөгөндөн кийин кайрадан окуусун улантып, аны 1990-жылы ийгиликтүү аяктап, инженер-электрик кесибин алган.

Эмгек жолун Нарын электр тармактары ишканасында релелик коргоо кызматынын устаты адиси болуп иштөө менен баштаган. 1990-2005-жылга чейин ишкананын бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарында иштеген. 2005-жылдан баштап аталган ишкананын башкы кыбачысы болуп эмгектенип келген.

Ж.Ибраевдин көп жылдык эмгеги жогору бааланып, «КМШнын эмгек сиңирген электриги» ардактуу наамы ыйгарылган. «Кыргыз Республикасынын энергетикасынын отличниги», «Каарман» төш белгилери менен сыйланган. Нарын шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, жубайы Света Мааткабылова экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×