Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 05.01.2019 16:09

Жаш талант: Чет өлкөдөн билим алууну көздөп жаткан Алтынай сүрөт тартып, сынактарга катышууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 7-классында билим алып жаткан Алтынай Жолдошбек кызы 9 жашынан сүрөт тартууга кызыгып, учурда живопись, пейзаждарды кагаз бетине түшүрөт. Ал мектепте алдыңкы окуган окуучулардын бири. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Сүрөт тартканды жакшы көрөм. Мектепке баргандан баштап сүрөт тартып келем. Көп учурда пейзаж, живопистерди, мультфильм каармандарын тарткан жагат. Өнөрүмдү өркүндөтүү максатында 9 жашымдан сүрөт ийримине бара баштагам. Кээде классташтарыма буйрутма менен сүрөт тартам. Ошондой эле 2 жылдан бери кол эмгек ийримине барып, баалуу белектерди, кездемеден оюнчук жасоону үйрөнүп, аларды жакындарыма белекке тартуулоодомун. Мектептен математика жана кол эмгек сабактарына кызыгып, жакшы окуйм. Келечекте Англия же Америкадан билим алып, мекенимдин атын дүйнөгө тааныткан белгилүү дизайнер болгум келет», - деди ал.
Жаш талант сүрөт тартуу боюнча сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып келет. Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×