Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 05.01.2019 13:55 На русском

Нарын шаарында камандын муздан жасалган айкели орнотулду (сүрөт)

Turmush -  Нарындын борбордук аянтына камандын жана коёндун айкели орнотулуп, Нарын шаарынын тургундары жана келген меймандар сүрөткө түшүп кетип жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айкелдин ээси, сүрөтчү Адилет Кутбидин уулу билдирди.

Сүрөтчү бул эмгегин 1 жуманын ичинде өзү жашаган Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы үйүндө бүтүрүп келип аянтка койгон.

«Өзүмдүн каалоом менен 2012-жылдан бери жыл сүрөөлөрүнүн айкелин жасап келем. Эл абдан жакшы кабыл алып жатат. Бул жолкусун 2019 — Каман жылына арнап, “Симба” деген мультфильмдеги каманды алып, интернеттен сүрөтүн карап тартып, формасын чыгарып койдум. Каманды жалгыз кылбай жанына коёнду да тартып койдум. Бул эмгекти айылдагы үйдөн бүтүп, 29-декабрда койдук. Каман менен коёнду 1 жуманын ичинде жасадым. Жасалышы мен үчүн оңой эле десем болот. Карды үйүп, ага суу чачып тондуруп алып, ара менен кескилеп формасын чыгардым», - деди ал.

Сүрөтчү Адилет Кутбидин уулу 2012-жылдан бери жыл сайын жыл сүрөөлөрүнүн айкелин Нарын шаарындагы борбордук аянтка тургузуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×