Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 03.01.2019 11:31

Нарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек беришти (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде майып балдар үчүн оюн-зоок кечеси уюштурулду. Иш-чарага майыптардын коомунда мүчө болгон 70 бала чакырылганын аймактык кабарчы билдирди.

Балдарды Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, жергиликтүү депутаттар жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген коомдук уюмдардын жетекчилери куттуктап, жаңы жылдык белектерди тапшырышты. Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга Аяз ата менен Аяз кыз кызыктуу оюн уюштуруп, жакшы ырдаган балдарга белек берди. Ошондой эле Нарын облустук музыкалуу драма театрынын өнөрпоздору театралдаштырылган кызыктуу жомок тартуулашты.

Иш-чарада 70 балага белектер таратылды. Мындан тышкары ден соолугуна байланыштуу коомдук жайларга келе албаган балдардын үйүнө мэр Э.Алымкулов барып, 30 бөбөккө белек тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×