Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 03.01.2019 10:21

Нарындагы лыжачыларга спорттук кийимдер берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы лыжачыларга атайын спорттук кийимдер тапшырылды. Бул тууралуу Нарын облустук тоо лыжа спорт федерациясынын президенти Кубанычбек Абас уулу билдирди.

Анын айтымында, спортчуларга кийимден тышкары 25 топтом лыжа берилди. Аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тапшырышты. Андан киийн лыжачылар арасында спорттук мелдеш уюштурулду.

Нарындагы лыжа тебүүчү жай 30 жылдан бери иштеп келет. Анда 200гө жакын улан-кыздар жыл сайын машыгып, тоо лыжа спорту боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерди багынтып келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×