Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 03.01.2019 09:46

Нарында облус башчысынын балаты майрамына 300 бала катышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балаты майрамы болуп өттү. Бул тууралуу башкы адис Элвира Жанболотова билдирди.

Ага райондордон жана Нарын шаарынан окуунун алдыңкылары, социалдык коргоого муктаж 300гө жакын бала чакырылган. Иш-чарага облус башчысы Аманбай Кайыпов катышып, бөбөктөрдү жаңы жылы менен куттуктап, ден соолук, окуудагы ийгиликтерди каалап, ар бирине жаңы жылдык белектерди тапшырды. Ошондой эле театрдын өнөрпоздору театралдаштырылган оюн көрсөтүштү. Облус башчысы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү балдар менен бирге балатыны айланып, ырдашып, майрамдык кечени көңүлдүү өткөрүштү. Жаңы жылга арналган ырларды мыкты аткарып берген балдарга Аяз ата өзүнүн белектерин берди.

Жаңы жылдык балаты майрамын өткөрүүгө ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ар бир балага 500 сомдук белектер даярдалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×