Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 03.01.2019 08:35

Нарында окуучулар арасында эстафеталык оюндар өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы жабык муз аянтында окуучулардын кышкы эс алуусун көңүлдүү өткөрүү максатында «Көңүлдүү старт» эстафеталык оюндары өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага шаардагы мектептердин окуучуларынан түзүлгөн 4 курама команда катышып, муз үстүндө беттешип, көрүүчүлөргө кызыктуу оюн көрсөтүштү. Нарын шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурган иш-чарада мыкты оюн көрсөткөн окуучуларга баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×