Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 29.12.2018 11:02

Нарындагы лицей-интернаттын 10 тарбиялануучусуна кышкы кийим берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында жарым жетим жана томолой жетим балдарга кышкы кийимдер таратылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кийимдер академик Ү.Асанов атындагы Нарын облустук лицей-интернатында жатаканада жатып окуп, тарбияланып жаткан жетим, жарым жетим жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жалпы 10 балага берилди. ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Данияр Рыскулов өзүнүн, үй-бүлөсүнүн жана туугандарынын атынан жаңы жылдык куттуктоо айтып, сырткы кийим, бут кийим, окуу куралдарын жана жаңы жылдык белектерин тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×