Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 28.12.2018 09:20

Нарын шаарында 230 балага жаңы жылдык белектер берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебинде Нарын шаарынын элинин балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлүп, ага орто мектептердин алдыңкы окуучулары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аларды Нарын шаарынын мэри жана Нарын шаардык кеңештин бир катар депутаттары куттуктап, майрамдык белектерин тапшырды. Ал эми Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрынын кызматкерлери тарабынан «Сыйкырдуу тегирмен» аттуу жомок тартууланды. Балдардын майрамына жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, 230 балага белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×