Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 28.12.2018 08:47

Нарында энергетиктер сыйланышты (сүрөт )

Turmush -  Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында салтанаттуу жыйын өтүп, анда энергетиктердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өкмөттүн өкүлү Аманбай Кайыпов энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктап, бир катар кызматкерлерге өкүлдүн Ардак грамоталарын, ыраазычылык каттарын тапшырды.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Ат-Башы ГЭСинин жетекчиси Адамалы Акбагышов, Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын жетекчиси Жолдош Жумакадыров жана «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын башчысы Атабек Абылгазиев куттуктоолорун жолдошуп, кызматкерлерге сыйлыктарын тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×