Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 28.12.2018 08:15 Жаңыланды: 28.12.2018 16:35 На русском

Тагдыр: 22 жаштагы Айдананы кичинекей кыз деп түнкү клубга киргизбей коюшкан (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 22 жаштагы тургуну Айдана Ниязбекова «өзгөчө» адамдардын катарын толуктайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Бишкектеги №72 мектепти аяктаган. Быйыл экономист-эсепчи кесибине ээ болду.

«Ден соолугум жакшы эле төрөлгөм. 3 жашка чыкканда боюмдун өсүшү токтоптур. 16 жашымда белимде сынык бар экенин билдик, дарыгерлер төрөлгөндө сыныптыр дешти, балким ошол үчүн боюмдун өсүшү токтогондур. 2 жылдан бери таяктын жардамы менен басып калдым. 22 жашка толгондо дарыгерлер оор операция жасалат деп айтышкан. Кальций ичип, дарыланып турам. Азыр операция жасатууну ойлонуп жатабыз.

Мындай учурда мага дайыма дем-күч берип турган адам — апам. Экөөбүз курбулардайбыз, сырдашабыз, ал мага акыл-насааттарын айтып турат. Дайыма кеңешин берип, жашоого болгон сүйүүмдү жандырат. Апам оорубай, жанымда күлүп жүргөнү мен үчүн бакыт», - дейт ал.

А.Ниязбекованын айтымында, анын алдыга койгон көп максаттары бар.

«Быйыл шартка байланыштуу жогорку окуу жайдан окуй албай калдым. Буюрса кийинки жылы тапшырам деген ниетим бар. Боюм 1,20 сантиметр болгондуктан коомчулукта ар кандай учурларга кездешкем. Мурун эл таң калып, мени караса эле "эмнеге карап атышат" деп жиним келе берчү. Мектепте, колледжде чогуу окуган курбум бар. Ал клуб, караокелерге чакырып, ээрчитип жүрүп, элдин карай бергенине маани бербегенге дагы көндүрдү. Азыр карашса мен аларды жылмаюу менен карап коём. Бир жолу курбум экөөбүз түнкү клубга бардык. Ал кезде өзүмдүн жашымды айткандан уялчумун. Клубга кирели деп турсак администрация өкүлү курбумду киргизип, мени киргизе албайбыз дешти. Алар саат 22:00дө дискотека башталарын айтып, «бул кыз чуркап ойноп, конокторду жүдөтөт» деп айтышыптыр. Көрсө мени кичинекей кыз көрүшүптүр. Барын түшүндүрүп, анан киргенбиз. Кээ бир жерлерде мага кичинекей кыз сыяктуу мамиле кылышат», - дейт ал.

Анын айтымында, ал жашоодогу сыноолорго жылмаюу менен карайт.

«Мен көтөрө алганым үчүн кудай ушундай сыноо берген деп ойлойм. Эң башкысы бир туугандарым, апам аман болсо мен бактылуумун. Өзүм музыкага аябай кызыгам, ырдаганды жакшы көрөм. Келечекте үйлүү, унаалуу болуп, кесибим боюнча иштегим келет. Ошндой эле жүрөгүмдүн ээсин тапсам деген кыялым бар», - деди ал.

Ал үч бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×