Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 26.12.2018 17:25

Нарында балдар ойноочу аянтча жана түнкү жарыктандыргычтар пайдаланууга берилди (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы РТС чөлкөмүндө бүткөрүлгөн балдар ойноочу аянтчанын жана түнкү жарыктандыргычтардын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 26-декабрда өткөн ачылыш аземге өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, БУУнун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

БУУнун «Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү» программасы менен РТС жана Шаркыратма чөлкөмдөрүнө жарык берүүчү жабдыктарды коюу жана балдар ойноочу аянтча куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эл аралык уюм тарабынан долбоор колдоого ээ болгон.

Балдар ойноочу аянтчага муниципалдык 2000 чарчы метр жер тилкеси сунушталып, балдар ойноочу аянтчанын долбоору жасалып, анын жалпы сметалык баасы 1 млн 630 миң сомду түзгөн. Мунун ичинен 435 миң сом каражат Нарын шаарынын 150 жылдыгына карата өткөрүлгөн марафондон түшкөн каражаттан бөлүнгөн. Калган 1 млн 195 миң сом БУУнун «Нарын облусунун комплекстүү өнүктүрүү» программасы каржылоого алган. Жалпысынан 73% каржыланды. Балдар ойноочу аянтчада 15ке чукул ар кандай жана 7 даана чоңдор машыгуу үчүн инвертарлар, эс алып отуруучу отургучтар коюлган.

Ошондой эле аталган программа аркылуу 1 млн 375 миң 700 сомго жаңы түнкү жарык түркүктөрүн жасоо үчүн керектүү курулуш материалдары алынып, «Таза-Нарын» ишканасынын ширетүүчү цехинде жасатылган. Жалпысынан 82 даана түркүк жарыктандыргычтар орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×