Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 25.12.2018 15:15

Нарын шаарындагы 40 балага жаңы жылдык белектер тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы академик Үсөн Асанов атындагы мектеп лицей-интернатынын окуучуларына жаңы жылга карата таттуулар берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 25-декабрь күнү Нарын ОИИБдин алдындагы ЖКККБ тарабынан окуучуларга белектер берилген.

«Бүгүн 40 балага белектер берилди. Бул жыл сайын бериле турган белек. Балдардын жаңы жылдык маанайын көтөрүү үчүн 1-класстын окуучуларына бердик. Акча каражатын болсо өзүбүздүн ички курам менен кеңешип айлыгыбыздан бөлүп бердик», - деди Нарын ОИИБдин алдындагы ЖКККБнын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Ажыбек Майназаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×