Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 25.12.2018 09:57

Нарын шаарындагы бир көчөгө түнкү чырактар орнотулду

Turmush -  Нарын шаарындагы Сагымбай Орозбаков көчөсү түнкү чырактар менен камсыз болду. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалым болгондой, аталган көчөгө башынан аягына чейин бир тараптуу 108 даана заманбап үлгүдөгү түнкү чырактар коюлду. Буга чейин көчөнүн бир чакырымдан ашык тилкесине Бишкек—Нарын—Торугарт автожолун реконструкциялоодон үнөмдөлгөн каражатка асфальт төшөлгөн. Бул аткарылган жумуштар Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн марафондун эсебинен 62 миң сом каражатка бүткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×