Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 24.12.2018 15:58 На русском

Видео, сүрөт — Нарында Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракеси белгиленди

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 23-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мааракеге «Ата-Мекен» партиясынын облустагы өкүлдөрү келишти. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов дагы келип катышты. Алгач мааракеге келгендер Өмүрбек Текебаевди туулган күнү менен куттуктап видео кайрылуу жасашты. Андан кийин шаардагы ресторандардын биринде куттуктоолор улантылды. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Өмүрбек Текебаевдин кайратынан жазбаганын, ата-мекенчилерге карата мурда козголгон кылмыш иштеринин айрымдары кайра каралып, кээ биринин иши токтотулгандыгын билдирип өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×