Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 24.12.2018 12:58

Нарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектер таркатылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы мектеп окуучулары, жаштар шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө белектерди таркатышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Эльнура Тукешова билдирди.

«Акцияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Аяз ата, Аяз кыз болуп барып, өлкөбүздүн келечеги болгон кичинекей бөбөктөрүбүзгө белек тараттык. Балдар жаңы жылга арналган ырларын айтып, Аяз атанын колунан таттууларды, оюнчуктарды алышты. Бөбөктөр гана эмес алардын ата-энелери да кубанычта болушту. Ар бир адамга жылуу маанай тартуулай алдык деген ишеничтебиз. Ошону менен бирге бизди колдоп демөөрчү болгон эжекелерге, байкелерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×