Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 24.12.2018 11:33

«Театр мен үчүн мазар»: Үй-бүлөсү Бишкекте жашаса дагы өзү Нарында иштеген актриса Д.Баратбаева

Turmush -  47 жылдан бери Нарын театрында эмгектенип келе жаткан КРдин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз эл артисти Дамира Баратбаева үй-бүлөсү Бишкек шаарында болсо дагы жумушун таштай албай, бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаарында жашап иштеп келет. Кесибин биринчи орунга койгон актриса менен аймактык кабарчы таанышты.

Дамира Баратбаева 1952-жылы 6-декабрда Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөн. Бала кезинен театрды жакшы көрүп, акыры максатына жеткен.

Таланттын каны денемде жүгүрүп турат

- Атам коммунисттик партиянын мүчөсү болгон. Анын жумушуна байланыштуу Нарынга көчүп келген экенбиз. Ал кезде мен 5 жашта болчумун. 6,5 жашымда эле Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебине өткөрүшкөн, ал жактан 10-классты бүттүм. Атам — Сарбыз Баратбаев, Апам — Азат Карбакунова, Актан Тыныбеков деген манасчылардын тукумунан болгон. Эр тайын тартат болуп, мен тайларымды тартып калыптырмын. Оң жагыманбы же сол жагыманбы, кандайдыр бир таланттын каны жүгүрүп турат. Ошон үчүн мен маданият жагына ооп калдым.

Балалык

- Бала кезимен эле ырдап, бийлегенди жакшы көрүп, театрга кызыкчумун. Эсимде, 2-классымда Мария деген кыз экөөбүз Досмамбетованын ырын «кышкы суук колду кайрып, чымчып беттен» деп, экинчи сабын таппай тилибизди чыгарып коюп, кайра башынан баштап ырдай бериптирбиз да. Ошол эсимден кетпейт. Ал убакта баёо экенбиз. Анда эмне, сыналгы бир үйдө бар болсо, экинчисинде жок. Азыр болсо балдар төрөлгөндө эле колуна телефон кармашат. Чукуласа эле шумдуктун баарын таап алышат. Көрсө эненин ичинен эле үйрөнүп чыгат тура. А, биз болсо энебиздин ичинен эч нерсе үйрөнбөптүрбүз. Заман ошондой болгонбу, мезгилге жараша төрөлгөн балдар болот экен.

Жаштайыман түйшүк тарттым

- Мектепте окуп жүргөндө эле ыр, бий, театр ийримдерине катышып жүрдүм. Үй-бүлөдө балдардын эң улуусу менмин. Менден кийин 7 бир тууганым бар, 5 кыз, 2 эркек. Менден кийинки эркек бир тууганым 37 жашында жол кырсыгынан каза болуп калды. Жалаң кыздардын чачын өрүп, алардын формасын үтүктөп, окууга жөнөтүп, аларга деп тамак жасап жүрчү элем. Ошондогу түйшүк эмгекке дагы таасирин тийгизет экен.

Театрга кирип алдым

- Мектепте немис тилин жана адабият сабактарын жакшы окучумун. 10-классты бүткөндө атамдын бир тууган иниси «биздин тукумда артист жок» деп туруп техникалык институтка өткөзүп койгон. Ал жакта да жөн жүрбөй сынактарга катышып, окуп дагы, ырдап дагы жүрдүм. Байкем «кетип калсаң, театрга кирип аласың» деп Нарынга такыр жибербей жүрдү. Студент кыздардай болуп жигиттер менен басканга убакыт да болгон жок. Кайтарып эле окутуп жатышты. Ошентип 3-курска чейин камалып окудум дагы Нарынга үйүмө суранып кеттим. Келип театрга кирип алдым.

Залкар адамдар менен болгон алгачкы жолугушуу

- 1972-жылы театрга кирип алдым. Адамдын таланты билимге деле карабайт, таланты, жөндөмү күчтүү болсо, ага кошулуп билим болсо андан бетер сонун болот. Ошол убакта Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеевалар 3-класс, 10-класс билими менен Советтер союзунун эл артисти болушкан. Мени жумушка алар бекен деп, атамды ээрчитип алып бардым. Барсам театрдын ошол кездеги директору Турарбек Рыскулов деген агай Ж.Шералиевди, режиссерлорду чакырды. Алардын баары эле мени музыкалык жөндөмүмдү текшере башташты. Театрдын кыйын артисттери Капар Медетбеков, Бакырдын Алиев, Кеңеш Курманалиева, Гүлчач Абдракманова, Тамара Жумакаева мен деген залкар адамдардын бардыгы турат. Биринен бири өтөт, аларды көрүп иштей аламбы деп жүрөгүм оозума келип, дүкүлдөй баштады. Башында көнө албай жүрдүм. Бирок, дээримде бар экен көнүп кеттим.

Тишибиздин кирин соруп калган мезгил

- 1996-жылы балдарыбыз чоңоюп, кыйынчылык заман болуп, айрыкча маданият кызматкерлери айлык албай тишибиздин кирин соруп калганбыз. Ошондо театрда жумуш жок болуп, Бишкекке кеттик. Бир туугандарыбыз үй алууга жардам беришти. «Учур» театрында 5 жыл иштедим, андан соң кайрадан Нарын театрына келип иштеп калдым.

Өзүм аткарган каармандын атын кызыма койдум

- «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө» музыкалык спектаклинде Айсенем деген кыздын ролун ойноп калдым. Ошол ысым, образ мага жагып, турмушка чыгып кыздуу болсом, анын атын Айсенем коем дегем. Ошол максатыма жеттим. 1976-жылы театрга Адылбек Кыязов деген музыкант, обончу жигит келип иштеп калды. 1978-жылы экөөбүз сүйлөшүп жүрүп турмуш курдук, кыздуу болдук. Атын Айсенем койдук. 1 кыз, 1 уулубуз бар. Уулум менин жолумду жолдоп актер, кызыбыз Германиядагы жигитке турмушка чыккан. 2 неберебиз бар.

Наамдары

- 1974-жылы Социалдык мелдештин каарманы деген медаль алдым. 1979-жылы жогорку советтин ардак грамотасын, 32 жашымда КРдин эмгек сиңирген артисти, 2008-жылы Кыргыз эл артисти, Нарын облусунун ардактуу атуулу, ардактуу айымы болдум.

Айсенемдин боорду эзген кылыгы

- Мурда биздин театр дөңгөлөк үстүндөгү театр деп айтылчу. Бир жолу гостролго чыктык, кызымды алып алгам. Айсенем эмчектен чыга элек, жаңы басып жүргөн кези. Балдарыбыз дагы ызы-чууда уктап көнүп калган да. Көшөгөнүн аркасына чапаныбызды салып, жаткызып уктатып коебуз. Элдин ызы-чуусу. Клубда Адылбек (жолдошу) экөөбүз ырдап жатабыз. Бир убакта эле экинчи куплетти ырдайын десем эле элдин баары күлүп жатат. Адылбек дагы мени карап күлүп коет. Эл шыңкылдап күлөт. Ыңгайсыз ырдадым, Адылбек акырын “тигил жерди карачы” деди. Кызыбыз тамтаңдап чыгып келиптир. Ич кийимчен, чачы тармал, курсагы чыккан, атасынын эки бутун эки колу менен кармап алып, биз менен кошулуп, башын чайкап ырдап жатыптыр да. Эл ошого күлүп жатыптыр, а мен өзүмө алыптырмын. Ары жактагы кыздарды алып кеткиле дедим. Алар чуркап келип, алып кетип бара жатса айкырган бойдон кетти.

Театр мен үчүн мазар

Театр мен үчүн мазар, супара. Мен иштеген жеримди биринчи орунга коем. Ал эми жашоом экинчи орунда болуп калат. Театрсыз жашоо жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×