Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 26.12.2018 09:03

2018: 7 жылдан кийин депутаттын үйүнөн табылган Азим, эки небереси менен кошо өлтүрүлгөн аял... Нарындагы окуялар

Turmush -  2018-жылы Кыргызстандын аймагында ар түрдүү окуялар болду. Алардын ар бирин Turmush басылмасынын аймактык кабарчылары өз убагында так жана таамай чагылдырып турушту. Бул жолу Нарын облусунун аймагында жыл ичинде болгон урунттуу окуялардын айрымдарын кайрадан назарыңыздарга салабыз.

---------------------------------------------

Нарында 7 жыл мурун дайынсыз жоголгон Азим Жалал-Абаддагы депутаттын үйүнөн табылды

Нарын шаарында мындан 7 жыл мурун дайынсыз жоголгон Асанкул уулу Азим Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылынан табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ШИИБден билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаты Актилек Осоркулов Turmush басылмасына чыккан маалымат боюнча милиция кызматкерлерине кайрылып, бир жыл мурун Асанкул уулу Азимге окшош бала багып алгандыгын жана анын жанында тийиштүү документтери жок экендигин билдирген. А.Осоркуловдун бул кайрылуусунун негизинде Нарын ШИИБдин кызматкерлери Азимдин ата-энеси менен чогуу Акман айылына барышкан.

«Азимдин ата-энеси А.Осоркулов багып жаткан бала менен жолугушту. Алар аталган бала өз уулу экенин таанышты. Ошол эле учурда бала дагы ата-энесин тааныды. Баланын табылышы боюнча тийиштүү иштер жүрүп, аны багып жаткан Актилек Осоркуловдон түшүнүк кат алынды», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Актилек Осоркуловдун айтымында, Азим ага бир жыл мурун келген жана жакын туугандары жок экендигин билдирген.

Бул баланын жанында документтери жок болгондугуна байланыштуу депутат тийиштүү органдарга кайрылган, бирок анын жакындары өз учурунда табылган эмес.

Азимдин азыркы учурдагы сүрөтү

Асанкул уулу Азим

Азим өзүн А.Осоркуловго Эрмек деп тааныштырып, ата-энеси жөнүндө билбей тургандыгын айткан. Учурда Азим ата-энеси менен Нарын шаарына келип, жакындары менен жашап жатат.

Нарын-Акман

Нарын шаарында дайынсыз жоголгон Асанкул уулу Азимди жакындары 7 жылдан бери издеп келишкен.

Нарын ШИИБдин маалыматына караганда, Нарын шаарынын тургуну Сайкал Курманакунова уулу Асанкул уулу Азим (документ боюнча Конокбай уулу Азим) 2011-жылдын 8-январында кечки саат 19:30дар чамасында Ленин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, кайра кайтып келбегендигин билдирип, милиция кызматкерлерине кайрылган.

Азимдин кичинекей кезинде тартылган сүрөтү

Азим 1995-жылы 20-августта төрөлгөн.

Кийинчерээк Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаты Актилек Осоркулов Turmush басылмасына Асанкул уулу Азимди үйүндө багып жүргөндүгү жана аны кантип таап алгандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

---------------------------------------------

Нарын суусуна боюн таштап, өз жанын кыюуга аракет кылган 78 жаштагы эне куткарылды

Нарында сууга агууга аракет кылган 78 жаштагы эненин өмүрүн шаардык тургун менен милиция кызматкери сактап калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаарынын 45 жаштагы тургуну Жыргалбек Шакеналиев билдирди.

Анын айтымында, 10-апрелде эртең менен саат 9:00 чамасында жумушка бара жатып, Нарын суусунда аккан карыяны көрүп, аны куткарууга аракет кылган.

«Эртең менен жумушка базарды көздөй бара жаткам. Нарын суусунда бир апа агып баратыптыр. Дароо эле аны куткарууга аракет кылдым. Кошунам милиция кызматкери болчу. Ал дагы келип жардамдашып, экөөлөп карыяны чыгарып алдык», - деди ал.

Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн айдоочусу, милициянын ага сержанты Жаныбек Асанбеков сууга аккан Нарын шаарынын 78 жаштагы тургунун куткарып, тез жардам кызматын чакырышканын билдирди.

«Кечээ нарядда болчумун. Эртең менен саат 9:30 чамасында кезектеги суткалык нарядды өткөрүп коюп, үйүмө келе жаткам. Менин үйүм Нарын суусунун жээгинин жанында жайгашкан. Суунун 5 метр шар аккан жеринде кошуна байке агып жатканын көрдүм. Карасам, кызыл көйнөкчөн тирүү бир адамды суудан тартып чыгарып жатыптыр. Дароо чуркап барып жардамдашып, ал адамды суудан чыгардык. Ал Нарын шаарынын 78 жаштагы тургуну экен. Апанын колу-буту үшүп калыптыр, дароо тез жардам жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн атайын ыкчам кызматкерлерин чакырдым. Тез жардам кызматынын дарыгерлери апага биринчи медициналык жардам көрсөттү», - деди ал.

Милициянын маалыматына караганда, 10-апрелде саат 9:25 чамасында Нарын РИИБдин айдоочу милиция кызматкери, милициянын ага сержанты Жаныбек Асанбеков 102 кызматына чалып, Нарын шаарынын Боогачы көчөсүндө жайгашкан автобазанын тушундагы Нарын суусунда болжол менен 75-80 жаштагы карыяны сууда агып бара жаткан жеринен куткарып калгандыгын билдирген.

Окуя болгон жерге Нарын ШИИБдин кызматкерлери барып, 1940-жылы туулган Нарын шаарынын К.И. аттуу тургуну белгисиз себептерден улам өзүн-өзү өлтүрүү максатында Нарын суусуна түшүп кеткендигин аныкташкан.

Ал эми К.И. милиция кызматкерлерине үйүнөн чыгып, Нарын суусунун жээгине барып, ойлонуп отурганын, андан соң өзүн жаман сезип, өзүн-өзү өлтүрүү максатында сууга түшкөнүн билдирген. Анын мындай аракетине эч ким күнөөлүү эместигин кошумчалаган.

---------------------------------------------

Нарындын Лахол айылында 2 баштуу, 6 туяктуу, 2 куйруктуу музоо туулду

27-апрелде Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүнө караштуу Лахол айылында 2 баштуу, 6 туяктуу, 2 куйруктуу музоо туулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдиришти.

Ал эми мал ээси Бакберди Эсенгул уулу мындай көрүнүштү өмүрүндө биринчи жолу кездештирип жатат.

«Бул уйдун үчүнчү жолку тууту, буга чейинки музоолору кадимки малдай эле туулуп, азыр алар аман-эсен эле жүрүшөт. Ветеринардык дарыгер уйду аман алып калуу максатында музоону кескилеп алып чыгууга аргасыз болду. Азыр уй жайытта жакшы эле жүрөт, ал эми музоону ошол эле күнү жерге көмүп, жок кылдык», - деди ал.

---------------------------------------------

Мүрзөнүн үстүнө курулган мектеп: Кочкордо эс-учун жоготкон окуучулардын анализдери чыкты

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Туз айылындагы эски көрүстөндүн үстүнө салынган делген Сайнап Жунушаалы кызы атындагы орто мектебинин курулуш каражаттары текшерилип, андагы эс-учун жоготуп жыгылып жаткан окуучулардын анализи чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, аталган мектептин имаратында жагымсыз жыт пайда болуп, окуучулардын айрымдары баш оорудан эсин жоготуп жыгылган учурлар катталган. Мындан улам мугалимдер тиешелүү органдарга мектептеги жагдай тууралуу арыз жазышкан. Мектеп 2005-2006-жылдары Корея мамлекети тарабынан жардам иретинде 250 балага ылайыкталып курулган. Мугалимдердин айтымында, имаратты тез салып бүтүрүүчү атайын курулуш каражаттары пайдаланылып, кышкысын от жакканда жылытуучу полдон башты оорутуучу жыт чыгышы мүмкүн.

Жергиликтүү бийликтин тапшырмасы менен эс-учун жоготуп жыгылган окуучуларды медициналык кароодон өткөргөндө, алардын экөөсү аз кандуулук, бирөө тубаса жүрөк оорусу менен, бир окуучу аллергиялык мүнөздөгү бронхит, 3 окуучу аллергиялык коньюктивит менен жабыркай тургандыгы аныкталган. Ал эми мектептин курулуш материалдарын текшерүүнүн жыйынтыгында таза экендиги боюнча жооп келген. Мындай жоопко канааттанбаган Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тиешелүү эксперттер жеринде текшерсин деп талап кылып, кайрылуу жолдошту.

Учурда мектепте абал тынч, билим берүү улантылып жатат.

---------------------------------------------

Бир жума жоголуп, жансыз денеси табылган окуучунун өлүмү: Мээнин шишигинен айыккан Азиреттин акыркы жашоосу

Нарын районунда бир жума изделип, 21-ноябрда жансыз денеси табылган 15 жаштагы Азирет буга чейин мээнин шишиги менен ооруп, Москва шаарында дарылангандан кийин толугу менен айыгып кеткен. Азиреттин чоң апасы Бейшекан Өмүрзакованын айтымында, маркум үй-бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси болгон.

«Бул менин неберем. Зээндүү эле. 1-класстан 4-класска чейин Ат-Башыдагы таятасынын үйүндө туруп, орус мектепте окуду. Андан кийин Бишкек шаарында 2 жылдай окуган. Бул жерде окуп жүргөндө башы ооруп калды. Доктурга алып барсак, башында шишиги бар деген диагноз чыкты. Дарыгерлер "бул жерден операция кыла албайбыз, чет мамлекеттен жасатса болот" дешти. Ошентип балдарым болуп чогулуп, Москва шаарындагы клиникага алып барып, башына операция жасаттык. Операция жакшы болуп, жыл сайын эс алуу убагында Москвага дарыланганга барып турчу. Быйыл дагы эс алууда дарыланганга барганда доктурлар “эң жакшы, мындай оорудан миңдин бири айыгат” деп айтып сүйүнүштү. Ошентип 5-сентябрда Москвадан келип, окуусун жакшы эле окуп жаткан. Ойлогон ойлору да, тилектери да аябай көп эле. Эмне болуп кеткендигин да билбейм. Мектепте эң алдыңкы окуучулардын бири эле, тартиби дагы ушунчалык жакшы болчу. Кишиге жамандыгы жок, боорукер эле», - деди ал.

Бейшекан Өмүрзакова каргашалуу окуяны мындайча баяндап берди.

«Бул окуя болордун алдында мектепте балдар болуп топ ойноп жатышкан экен. Азирет топту тепкенде 7-класстын бир окуучусуна тийиптир. Ал бала “мени көздөй тебесиң” деп эле ачууланып, Азиретти сөгүп жиберген экен. Окуучулардын айтымында, балам ызаланып кетип, болду десе болбогонунан көкүрөккө бир муштаптыр. Бала жыгылып калган экен. Ошол жердегилер аны тургузуп, Азирет болсо баладан кечирим сурап, кийимин тазалап, экөө тең класстарына кирип кетишиптир. Азирет мектептен келгенден кийин эч кимге бул окуя тууралуу айткан эмес. Эртеси кайра сабакка кетиптир. Мектепке барса ошол чаап жиберген баланын атасы келип, “Азирет деген ким?” десе “мен” дептир. Барып эле “сен менин баламды уруп коюптурсуң” деп жакадан алып, жаакка чааптыр. Койгулап баштаганда "чапканым чын болчу, кечирип коюңуз. Муну эч кимге айтпай эле койгулачы” деп сураныптыр. "Макул" деп тиги баланын атасы кетиптир. Класс жетекчиси Азиреттин апасына (келини) телефон чалып, “мектепке келгиле” деген экен. Аңгыча берки баланын энеси келиниме телефон чалып, “сенин балаң менин баламды сабап салыптыр, доктурга алып баргыла, томографияга тарттыргыла. Мен сотко берем” деп айтпаганды айтыптыр. Азиреттин апасы эмне болуп кетти деп, мектепке жөнөптүр. Азиреттин атасы Нарынга бара жатса, жолдон берки баланын атасы "баламды Нарынга доктурга алып бара жатам" деп айтыптыр. Балам “мен эч нерсе билген жок элем. Үйдөн сурайынчы. Эч жери көк ала болбоптурбу?” десе тигинин атасы "жок" дептир. Андан соң, балам Нарынга барбай, кайра үйгө жөнөптүр.

Азиреттин апасы мектепке барса, неберем “апа, чапканым чын болчу, мени кечири кой” дептир. Апасы мектептен чыгып, берки балага барып, кечирим сурайын десе үйүндө эч ким жок экен. Ал жерден дароо үйгө келсе, Азирет да сабактан түшкү саат 13:30 чамасында келиптир. Келиним кайра жумушка кетейин деп жатса, Азирет “апа, эмне жумуш бар? Иштейин” десе, апасы "чөптү унаага жүктөп кой" деп кетиптир. Бөбөктөрүнүн айтымында, неберем чөптү унаага бир аз жүктөп, бир кызыктай болуп, ары-бери басып жүрүптүр. Ортодон бир кошуна бала келип, "бут кийим жамап алайын, шибеге барбы" десе, шибегесин бериптир. Акыркы сүйлөшкөн бала ушул экен. Дагы бир кошуна Азиреттин арабанын үстүндөгү спорттук кийимин кийип, көчөгө чыгып бара жатканын көрүптүр. Ошентип дайынсыз жоголуп, андан соң жансыз денеси табылды. Өзү жакшы окуп, мектептин алды болуп жүрүп, ушундай окуяга туш болгонуна катуу ызаланган окшойт», - деди ал.

Ал эми Азиреттин мектептеги мугалимдери анын эң жакшы окуган окуучу болгондугуна токтолушту.

«Азирет эң жакшы окуган окуучулардан болчу, биз сыймыктанган балдардан эле. География сабагына кызыгып, олимпиадага барам деп турган. Өзү аябай таза, ачык-айрым бала болчу. Келечекке көп максаттары бар эле. Жакшы окусам, чоң-чоң ийгиликтерге жетишем деп кыялданчу. Балдар менен конфликттерге барчу эмес, мындай иш болорун күткөн эмеспиз, кайгырып турабыз», - дешти мугалимдери.

---------------------------------------------
«Алла үчүн кечирдик»: Волейболдо каза болгон Темирландын үй-бүлөсү маркум тууралуу айтып берди

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында волейбол оюнунан чыккан чырдан улам каза болгон окуучунун ата-энесине аймактык кабарчы жолукту.

Маркум Темирландын апасы Дамира Сарбанова уулунун боорукерлигин, ак көңүл жана өзүн тыкан, таза алып жүргөндүгүн айтып эскерди.

«Эне деген эне. Ал баласы үчүн эмнелерди гана кылбайт. Уулум 5 бир тууган болчу, 2 кыз, 3 эркек. Жаным ачышып турат. Бир жамандыгы жок эле. Эшикке чыкса убагында келчү. Акча керек болсо бир туугандарынан сурай албай, "апа сурап берип тура аласызбы" дечү эле. Мен аларды Алла үчүн гана кечирдим, балам түбөлүк жайында тынч жатсын деп кечирдим. Уулумду урган балдар да менин балам менен тең экен. Алардын тагдырына биз да кейип отурабыз», - деди ал.

Ал эми Темирландын агасы Кайрат Бердибек уулу буларга токтолду: «Инимдин такыр жаман жагы жок болчу. Бул ишти шарият аркылуу чечтик. Иним кабырында тынч жатсын, түбөлүктүү жашоосунда кыйналбасын дедик. Ургандар деле иним менен тең, жапжаш балдар экен. Айтарым, спорт залды көзөмөлгө алып, ата-энелер балдарына жакшы тарбия беришсе».

Буга чейин Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында волейбол оюнунан чыккан чырдан улам каза болгон окуучунун өлүмүнө шектелип эки окуучу бала кармалганын Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген эле. Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, аталган эки окуучу Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде Жумгал РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалым болгондой, 9-декабрь күнү саат 20:00 чамасында Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Жумгал райондук тез жардам кызматынын кызматкери тарабынан Кызыл-Жылдыз айылында жайгашкан спорт ордосунун сыртында бир бала эс-учун билбей жаткандыгы кабарланган. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда спорт ордонун ичинин түштүк-батыш тарабында Жумгал районунун Беш-Терек айылында жайгашкан орто мектебинин 8-классынын окуучусу — 2004-жылы туулган Б. уулу Т. аттуу баланын жансыз денеси жаткандыгы аныкталган.

«Бул факты боюнча териштирүү иштеринин жүрүшүндө айрым фактылар аныкталган. 9-декабрда саат 19:30 чамасында Жумгал районунун "Ынтымак" спорт ордосунда Кызыл-Жылдыз айылындагы мектептин жана Беш-Терек айылындагы мектептин 8-класстарынын окуучулары волейбол ойноп жатышып, ортодо пикир келишпестиктер жаралган. Анын кесепетинен эки айылдын балдарынын ортосунда уруш чыгып, мушташып кетишкен. Ал жерден 2004-жылы туулган Б.уулу Т. ээсин жоготуп, окуя болгон жерден каза болгон», - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 1-2-бөлүмүнүн 5-9-пункттарынын жана 4-бөлүмүнүн негизинде (саламаттыкка адамдардын тобу тарабынан бейбаштык максаттарда атайын оор залал келтирилип, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келген кылмыштын белгилери) кылмыш иши козголду. Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

---------------------------------------------

«Колум ылай болуп калды, жууйм деп...»: Көкөмерен дарыясынан изделип жаткан 9 жаштагы баланын атасы окуя тууралуу айтып берди

Жумгал районунун Кабак айылында 2018-жылдын 7-декабрында 2009-жылы туулган Байзак Какинов Көкөмерен дарыясына түшүп кетип, азыркыга чейин табылбай келет. Бул тууралуу анын атасы Айбек Какинов билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ тарабынан 4 күн издөө иштери жүргүзүлүп, токтотулган.

«ӨКМ тарабынан адистер келип, издөө иштерин 4 күн жүргүзүштү. Бирок алардын колдорунда 1 эле таяктары бар экен. Ар кайсы жерди чукулап, издемиш этип, издөө иштерин токтотуп коюшту. 8 күндөн бери урук-тууган, теңтуштарым менен баламды издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө бир эле бут кийимин таптык. Үмүт деген жаман экен, күндө сууну карап, издөөнү токтотпой келебиз. Уулумдун апасы, чоң апалары сүйлөөгө, маалымат берүүгө күчү жок. Балабыз табылып калса экен деп уктабай деле калдык», - деди А.Какинов.

Маалыматка караганда, кырсык 7-декабрда саат 14:00 чамасында болгон. 10-декабрь күнү издөө иштерине ӨКМдин №44 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

«Байзак 3-класста окучу. Ал ошол күнү мектептен үйгө баргандан кийин айылдагы суу түтүгүнөн суу чыкпай калыптыр. Үйдө суу жок экенин билип, мурдагыдай дарыянын тайыз жеринен суу алып келүүгө кеткен экен. Жанына 2-класста окуган карындашын ээрчитип алыптыр. Дарыянын жээгинен сууну секиге (дөңгө) алып чыгып, "колум ылай болуп калды, жууп келейин" деп кайра барып, ошол бойдон сууга түшүп кетиптир», - дешет жакындары.

Айбек Какинов: «Сууну азыр бурдурдук. Мурда негизи ушундай эле аз акчу. Үй менен дарыядан бөлүнүп аккан сууга чейинки аралык 150-200 метрдей. Суу ошол окуяга чейин бери ашкан экен. Негизи бул жактан көптөн бери эле суу алып иччүбүз. Анда суунун көлөмү аз эле болчу. Айылдагы таза суу түтүгүнөн суу чыкпай калат. Биз жакка суу деле жетпейт. Сууну биз жакка чейин өзүңөр тарттырып алгыла дешкен. Көчөнүн башындагы үй, чарбактарга тартылган. Балдар ошол жакка барып алчу. Эми өкмөттү деле, кимдир бирөөнү деле күнөөлөбөйбүз. Болгону баламды издөөгө жардам бергиле», - деди атасы.

Ал эми Кабак айыл өкмөтү кышында таза суунун башы тоңуп, суу чыкпай каларын жана айылдагы айрым суу түтүктөрдүн чорголору иштен чыкканын билдирди.

---------------------------------------------

Жумгалда эки небереси менен кошо өлтүрүлгөн аял 4 баланын апасы болчу

Жумгалдын Көк-Ой айылында киши колдуу болуп каза болгон 47 жаштагы аял менен эки небереси 22-декабрда жерге берилди. Алар маркум аялдын ошол эле айылдагы кайнатасы жашаган үйдөн узатылды.

Айылдаштарынын айтымында, маркум 4 баланын апасы болчу. Ал эми өзү менен бирге каза болгон 4 (кыз бала) жана 7 (эркек бала) жаштардагы жээн неберелери улуу кызынын балдары болгон. 26 жаштагы кызы күйөөсү менен ажырашып, балдарын апасы багып өстүргөн. Маркумдун улуу кызы, уулу (23 жашта) жана эгиз кыздары (22 жашта) Бишкек шаарында окуп, эмгектенип жүрүшкөн. Ал эми жолдошу 2017-жылы көз жумган.

Окуя 21-декабрга караган түнү болуп, шектүү – 29 жаштагы жергиликтүү тургун (эркек киши) камакка алынган. Оор кылмышка тиешелүү экспертизалар дайындалып, козголгон кылмыш иштин негизинде ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, кечээ, 21-декабрда Жумгал РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Көк-Ой айыл өкмөтүндөгү Көк-Ой айылындагы турак үй өрттөнүп, адамдар каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, Нарын ОИИБ менен Жумгал РИИБдин кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн алгачкы иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыштын изи табылды.

Алгач өрттөнгөн үйдүн 47 жаштагы жашоочусу Эрмекгүлдүн (ысымы өзгөртүлдү) жансыз денеси өрт чыккан бөлмөдөн табылган. Ал эми башка бөлмөдөн эки кичинекей баланын денеси табылды. Кийинчерээк ал балдар маркум аялдын неберелери — төрт жаштагы Илима (ысымы өзгөртүлдү) жана 7 жаштагы Ильяз (ысымы өзгөртүлдү) экени такталган.

Расмий маалымат боюнча, алгачкы кароо жүргүзүүдө 47 жаштагы Эрмекгүл (ысымы өзгөртүлдү) менен 4 жаштагы Илима (ысымы өзгөртүлдү) зордукталганы аныкталган. Ал эми 7 жаштагы балага күч колдонуп, муунтуп өлтүрүшкөн. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери ыкчам жүргүзүлүп жатат. Тиешелүү берене менен кылмыш иш да козголгон. Көп узабай шектүү — 29 жаштагы жергиликтүү тургун (эркек киши) кармалып, сурак берип жатканы маалым болду.

Шектүүнүн алгачкы көрсөтмөсү боюнча, 20-декабрда саат 21:00дөн тарта 23:00гө чейин маркум менен бирге анын үйүндө спирт ичимдигин ичишкен. Эрмекгүл уктап калганда башка бөлмөдөн уйкудан ойгонуп чыккан 4 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктаган. Анын жанында уктап жаткан 7 жаштагы бала ойгонуп кеткенде алгач колу менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин кызды да тумчуктуруп өлтүргөнүн айткан.

Андан кийин башка бөлмөдөгү Эрмекгүлдү муунтуп өлтүрүп, кылмышты жашыруу максатында мештеги чоктон бөлмөгө чачкандан кийин качып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×