Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 29.12.2018 20:34 На русском

«Жеңеке»: Классташына турмушка чыккан А.Тагаева белгилүү ырчыларга билим берген (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында көп жылдан бери кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарынан окуучуларга билим берип келе жаткан 60 жаштагы Айнур Тагаева кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен ушул эле шаарда чоңоюп, мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде билим алып, окуумду ийгиликтүү аяктадым. 1992-жылдан тарта Нарын шаарындагы В.П.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясында балдарга билим берип келем. Белгилүү жазуучу Ч.Айтматов менин сүйүктүү темам. Окуучуларыма ушундай кыргыздын белгилүү залкар жазуучуларынын чыгармаларын көп окутам. Буга чейинки билим берген окуучуларымдан белгилүү ырчы Ж.Идирисова жана мугалим, жеке ишкерлер чыкты. Мен алар менен ар дайым сыймыктанам», - деди ал.

Мугалим бул кесиби менен бирге ыр жазып жана азем буюмдарды жасайт.

«Жогорку окуу жайда билим алып жаткан кезде эмоцияга алдырып, кыйынчылык болгондо жол издеп, ошондо кагаз бетине ыр түшүрө баштагам. Учурда ыр жазган окуучуларга аны кандай жазуу ыкмаларын дагы үйрөтөм. Ал эми майда шуру, тасма, түрдүү кагаздардан баалуу белектерди жасоону кызымдан үйрөнүп, жумушумдан сырткары үйдө бош отурбастан келиним экөөбүз ар кандай азем белектерди жасап, кошумча киреше табабыз. Жасаган эмгектерим Россияга чейин сатылат», - деди ал.

А.Тагаева жолдошу Рыспай Мураталиев экөө 1977-жылы баш кошушкан.

«Жолдошум Рыспай экөөбүз бир мектепте жана бир класста окучубуз. Чоң энемдин колунда болгондуктан аябай эрке кыз болуп чоңойдум. Мектепти бүткөнчө эч бир жумуш же тамак жасаган жокмун. Бир күнү туулган күнүм болуп калды. Анда классташтарымды бүт чакыргам. Ошондо чоң энем баарыбызга чүчпара түйүп берген. Рыспай ошол тамактан кийин үйүнө барып, "мен Тагаеваны алам, анткени анын апасы чүчпараны жакшы жасайт экен" дептир. Ошондон кийин мен шаарга окууга кеттим. Эс алуу убагында айылга келгенде ал дагы аскерден келиптир. Ошондон кийин экөөбүздүн ортобузда жылуу сезимдер ойгонуп, баш кошуп калдык. Азыркы күнгө чейин турмуштун ысык-суугуна чыдап, бирге түтүн булатып келебиз. Учурда биздин 3 кыз, 2 уулубуз жана 16 неберебиз бар.

Жогоруда айткандай эле, чоң кыз болгончо тамак жасоо, жумуш кылганды үйрөнгөн эмесмин. Ошону апам (кайненеси) түшүнүү менен кабыл алып, баарын кылдаттык менен үйрөтүп чыкты. Ал абдан кыйын, кыраакы адам эле», - деди А.Тагаева.

Ал көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланып, «Кыргызстандын ардактуу айымы» жана «Билим берүүнүн отличниги» наамдарынын ээси болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×