Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 21.12.2018 10:55

Нарын шаардык кеңешинин кезектеги жыйыны 2 саатка кеч башталып, депутаттардын жарымы катышты (сүрөт)

Turmush -  2018-жылдын 20-декабрындагы Нарын шаардык кеңешинин кезектеги 19-сессиясы саат 14:00дө башталмак. Бирок көпчүлүк депутаттардын кечигип келүүсүнөн улам 2 саат кечигүү менен башталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, сессияга 31 депутаттын 17си гана келип катышкан. Күн тартибин бекитүүдө да бир топ талаш-тартыштар жаралып, каралуучу маселелердин (маалымат берүүчү жетекчилердин келбей калышынан) айрымдарын алып салышты. Депутаттар шаардагы жылуулуктун өз деңгээлинде берилбей жатышына карата сындарды айтышты. Калган каралган маселер боюнча маалыматтар угулуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×