Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 21.12.2018 09:14 На русском

Нарын шаарында алдыңкыларга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаардык кеңешинин чечими менен Нарын шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондорго жана Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин урматына «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, наам алгандардын катарында мугалимдер, дарыгерлер жана ар тармактын кызматкерлери бар. Шаардык кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов аларга «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамын жана төш белгисин салтанаттуу түрдө тапшырып, эл үчүн кылган эмгектерин баса белгилеп, сыйлыктары менен куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде сыйлык ээлери эмгектерин эске алып, сый-урмат көрсөткөндөрүнө ыраазычылыктарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×