Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 20.12.2018 08:16

Бала тили — бал: Мен сүйгөн кыз өтө сулуу, бирок бала бакчага келбей жатат, - 4 жаштагы Абдулла

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 4 жаштагы Абдулла Жалилов.

- Атың ким?

- Абдуллу.

- Канча жаштасың?

- Үчтөмүн.

- Кыргыз деген ким?

- Алар сулуу болот.

- Алар кантип сулуу болушат?

- Анткени банктагы кыздар сулуу ошончүн.

- Сен кыргызсыңбы?

- Оба.

- Сатуучулар эмне кылышат?

- Билбейм.

- Акча деген эмне?

- Акча деген деньги.

- Үй-бүлө деген эмне?

- Эки этаж тамда жашагандарды айтат.

- Сенин үй-бүлөң барбы?

- Биз жаңы этаж салтабыз.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Полисейский.

- Алар эмне кылышат?

- Кыргыздар акча урдаса кубалайт.

- Сүйгөнүң барбы?

- Оба. Айлин өтө сулу.

- Ал каякта?

- Ышыгылса келбей калган (бала бакчага келе элек).

- Мирбек Атабеков деген ким?

- Телезордо музыкада иштейт.

- Сооронбай Жээнбеков деген ким?

- Аны атам кечке көрө берет. Мага мутфильм көрсөтпөй.

- Апаң менен атаңды эмне деп эркелетесиң?

- Уктарда беттеринен өөп жулу жамынтам.

- Алар сени кантип эркелетишет?

- Мен уктаганда бетимден өөп кетишет. Бирок жулу жамынтпайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×