Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 19.12.2018 13:53

Нарында жергиликтүү бюджет талкууланды (сүрөт)

Turmush -  18-декабрда Нарын шаарында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн «Жергиликтүү бюджеттер: өзгөрүүлөрдү үмүт менен күтүү» аталыштагы маалымат жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө көпчүлүк шаарлардын жана айылдардын өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү барбы, жергиликтүү бюджет 2019-жылы кандай болот, жергиликтүү бюджеттин үлүшү көбөйдүбү, аймактык чоң айырмачылыктар сакталабы же кыскарабы, муниципалитеттердин жергиликтүү маселелерди чечүү менен бирге өз алдынчалыкты сактап калууга акча каражаттары барбы, 2019-жылдын бюджети аймактардын эптеп күн өткөрбөстөн, өнүгүүсүнө кадам таштоосуна жардам береби жана башка көйгөйлүү маселелер талкууланды. Өнүктүрүү саясат институтунун муниципалдык бюджеттер боюнча адиси Азамат Мамытов жергиликтүү бюджеттердин үлүшү, аймактар боюнча айырмачылыктары, жергиликтүү бюджеттин чыгашасы менен кирешеси туулалуу толук маалымат берип, 2019-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетти презентация кылды. Андан соң, жыйынга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан туулган суроолорго жооптор берилди. Ошондой эле, бюджетти чечүүдө аймактарда коомдук угуулар болбой жатканы баса белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×