Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 19.12.2018 13:17

Нарында 250 милиция кызматкерлери кышкы кийимдүү болушту (сүрөт)

Turmush -  Нарын ОИИБдин өздүк, шаардык жана райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, тактап айтканда 250 милиция кызматкерлери кышкы кийимдүү болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан Медина Султаналиева билдирди.

Маалым болгондой, демөөрчүлөрдүн көмөгү менен облус аймагында иш алып барып жаткан жалпы 250 кызматкерге кышкы кийимдер жана криминалдык милиция кызматына, райондук ички иштер бөлүмдөрүнө 12 компьютер берилди.

«Негизги максат – көчөдө кыдырып иш алып барган кызматкерлер үшүбөй, коомдук тартипти сактоосун талаптагыдай жүргүзүүсүн жакшыртуу болуп саналат», - дейт башкармалыктын башчысы У.Аалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×