Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 19.12.2018 09:21 На русском

Нарында хоккей боюнча өткөн эл аралык чемпионаттын 1-туру аяктады (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы Т.Токтосунов атындагы жабык муз аянтчасында Хоккей лигасынын алгачкы эл аралык чемпионаты өттү. Чемпионат Нарын хоккей лигасынын уюштуруусу менен өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, ага Казакстан, Россия мамлекеттеринен жана Бишкек шаарынан, Нарын облусунан жалпысынан 6 команда катышты. Дээрлик беш күнгө созулган мелдештин жүрүшүндө хоккейчилер муз устүндө мыкты оюн көрсөтүштү. Чемпионаттын эрежеси боюнча беттешүүлөр айлампа түрүндө өткөрүлдү.

«Анын өзгөчөлүгү чемпионат эки тур менен өтөт. Бул жолу чемпионаттын биринчи туру өттү», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Биринчи турдун жыйынтыгы менен Новосибирск шаарынын «Омега» командасы 12 упай топтоп, биринчи орунду, Нарын районунун «Кеңеш учкучтары» командасы менен Бишкек шаарынын «Арстан» командасы 9 упай менен экинчи, үчүнчү орунду, Алматадан келген «Енбек» командасы алты упай топтоп, төртүнчү орунду ээлешип, чемпионаттын экинчи туруна өтүштү. Эми алар март айында өтүүчү экинчи турда күч сынашат. Ал эми бул чемпионатта «Нарын шумкарлары» менен Бишкек шаарынын «Локомотив» командасы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышып, жетиштүү упай топтой алышбай чемпионат менен кош айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×