Бөлүмдөр
Бейшемби, 25-апрель
Нарын облусу, Нарын 18.12.2018 09:38 На русском

Сүрөт — Нарын шаарында жаңы жылдык балаты жандырылды

Turmush -  Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта бийиктиги 13 метр болгон жаңы жылдык балаты жандырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, өткөн жуманын башында «Таза Нарын» ишканасынын жумушчулары аталган аянтка балатыны орнотушуп, жасалгалоо иштерин аткарышкан. Жергиликтүү бюджеттен балатыны, көчө бойлорун жана мекеме-ишканалардын сыртын кооздоо иштерине 220 миң сом каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×