Бөлүмдөр
Ишемби, 19-январь
Нарын облусу, Нарын 18.12.2018 09:17 На русском

Нарын шаарында прокурорлорго салынып жаткан турак жайдын пайдубалын тургузуу иши башталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусундагы прокуратура кызматкерлерине турак үйлөр курулуп, айрымдары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук прокуратурасынан билдиришти.

Маалым болгондой, өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын алыскы аймактарда эмгектенип жатышкан кызматкерлерин кызматтык турак жай менен камсыз кылуу үчүн акча каражаты бөлүнгөн. Анын негизинде Нарын облустук прокуратурасынын кызматкерлерине арналып, 3 кабаттан турган 24 батирлүү кызматтык турак жайдын капсуласы Нарын шаарынын Раззаков көчөсүнөн атайын бөлүнгөн жерге салынып, пайдубалын тургузуу иш-чаралары башталды.

Ошондой эле Ат-Башы райондук прокуратурасынын кызматкерлерине 3 батирлүү кызматтык турак жайлардын курулуш иштери толугу менен бүткөрүлдү. Ал эми Ак-Талаа райондук прокуратурасынын кызматкерлерине 2 бөлмөлүү, Жумгал райондук прокуратурасынын кызматкерлерине 4 батирлүү кызматтык турак жайлардын курулуш иштери бүткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×