Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 09.11.2018 09:00

Нарында өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук стадиондо «Биз СПИДге каршыбыз» ураанынын алдында өспүрүмдөр арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Мелдеш облустун аймагында жарыяланган бир айлыктын алкагында, 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүү күнүн утурлай уюштурулду. Ага 10 команда катышып, эки топко бөлүнүп, кенже (9-10 жаштагылар) жана жогорку (11-12 жаштагылар) тайпалар мелдешке түшүштү.

Мелдештин жыйынтыгында кенже тайпалар арасында 1-орунду «Ак Шумкар», 2-орунду «Алга Нарын», 3-орунду «Алга» командалары камсыз кылышты. Жогорку тайпадагылар арасында 1-орунду «Дордой», 2-орунду «Ала-Тоо», 3-орунду «Нарын Юнайтед» командалары ээлешти. Жеңүүчүлөргө Нарын облустук уландар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин тиешелүү даражадагы дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×