Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 06.11.2018 14:33

«Наркоздогу эркектер аялдарына сырларын айтпоону суранышат»: Н.Аалыева дарыгер эмес, мыкты медайым болгусу келчү (сүрөт)

Turmush -  25 жаштагы Назира Аалыева Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эмгектенип келет. Бейтап ооруса кошо ооруп, айыкса кошо сакайып кубанган медайым менен аймактык кабарчы таанышты.

Назира Аалыева 1993-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң кичүүсү. Ал мектепти аяктаган соң, Нарын медициналык колледжинде билим алып, ал жерден 2012-жылы дарылоо иши факультетин аяктаган. Окуусун бүтөрү менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө кенже кызматкер катары жумушка кирип, бир айга жетпей эле анестезиолог болуп иштей баштаган.

«Биздин бөлүмгө ар түрдүү бейтаптар келет. Күйүктөрдүн түрү менен келгендер да болот. Анын баарын айыктырып чыгарууга болгон аракетибизди жумшайбыз. Бир жолу бир адам оор инсульт менен жатты. Кудайдан болуп, аппаратта 15-20 күн жатып жакшы болуп кеткен. Башында анын жашап кетишине аз гана мүмкүнчүлүктөр бар эле. Баары кудайдын колунда тура. Ушул сыяктуу адамдар менен азыркыга чейин кабарлашып турабыз. Бизде дарыланган бейтаптарды элге эч качан жарыялабайбыз. Биз аны “дарыгерлик сыр” деп атайбыз», - деди ал.

Медайым наркоз убагында кызыктуу окуялар көп болорун айтып берди.

«Наркоздун ар кандай түрлөрү бар. Бейтаптар наркоз убагында мас адам сыяктуу эле сүйлөп калышат. Башына кандай ой келсе ошонун баарын айтышат. Кээде күлөсүң. Көбүнчө эркек балдар сүйлөнүшөт. "Менден эч нерсе сурабагыла. Сырларымды айтып жибербейин. Эгер сырларымды айтып жиберсем, анда аялыма айтпагыла. Мен андан корком" дешет. Айрымдары "учак менен асманда учуп жүрөм. Көзүмө 3-4 адам көрүнүп" жатат деп айтышса, кээ бирөөсү ыйлашат, сөгүнүшөт. Кыздар жигиттерин айткан убактар болот», - деди ал.

Назира Аалыеванын апасы Нарын ОИИБде медайым болуп көп жылдан бери эмгектенет.

«Мен кичинекей кезимде апамдан өткөн кыйын медайым болом деп ойлочумун. Бейтаптарга жакшы мамиле жасап, мени мактагыдай болом дечү элем. Ушул кыялыма жеттим. Дарыгер болом деп максат койсом, ошо даражага деле жетмек экенмин. Негизи кыялды бийик коюш керек экен», - деди ал.

Медайым үй-бүлөлүү, 2 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×