Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 06.11.2018 10:31

Нарында көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы курулуштардын мыйзамдуулугу текшерилет

Turmush -  Нарын шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жайгашкан склад, гараждардын мыйзамдуулугу текшерилет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн алдында жайгашкан гараж, складдардан тышкары кошуп алган балкондор да текшерилмекчи.

«Гараж, складдар муниципалдык менчик жерде жайгашкандыктан муниципалдык ишканасы тарабынан эки тараптуу келишим түзүлүп келет. Бирок кээ бир гараж, склад ээлери убагында келишим түзбөй, ижара, жер салык акыларын төлөбөстөн көңүл кош мамиле кылышууда. Ошол себептен тиешелүү документи жок мыйзамсыз гараж, склад ээлерине билдирүү берилип, акт түзүлүп, сот аткаруу органдарына өтмөкчү. Ошондой эле текшерүү иши 2018-жылдын аягына чейин жүрөт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×