Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 05.11.2018 14:56

Нарын шаарында көмүрдүн тоннасы 3500 сомдон сатылууда (сүрөт)

Turmush -  Үстүбүздɵгү жылдын күз-кыш мезгилине карата Нарын шаарынын мекеме-ишканаларына жана калкына жалпы 9240 тонна кɵмүр отуну керектеле турган болсо, бүгүнкү күндɵ 65 пайызы камсыздалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалым болгондой, жылуулук берүү ишканасы жана социалдык мекемелер 100 пайызга камсыз болуп, ал эми калктын 41 пайызы көмүр алышкан. Учурда шаардагы уюштурулган көмүр кампаларында жана жеке ишкерлердин үйлөрүндө 300 тоннага жакын көмүр сатыкта турат.

«Мындан сырткары жеке ишкерлер өздөрүнүн автоунаалары менен кыдырып сатышууда. Көмүрдүн тоннасы 3500 сом, ар бир кап 180 сомдон сатылууда», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×