Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 02.11.2018 12:58

Погончон айым: 25 жаштагы Бегайым чоң атасынын жолун жолдоду (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага инспектору Бегайым Жолдошбек кызы чоң атасынын жолун жолдоду. Аймактык кабарчы погончон айым менен таанышты.

Бегайым 1993-жылы Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында төрөлгөн. Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебин бүтүрүп, Бишкек шаарындагы генерал-майор Ж.Шабиров атындагы атайын орто мектепте 2,5 жыл окуп, 2014-жылы артыкчылык дипломго ээ болгон. 25 жаштагы погончон айым учурда ага лейтенант.

«Окуумду бүтүп келгенден кийин Ат-Башы РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүндө 2 жыл иштедим. Ал эми патрулдук милициянын штабында инспектор болуп 1 жыл 3 ай эмгектенсем, 2018-жылдан баштап Нарын ШИИБдин өспүрүмдөр боюнча ага инспектору болуп иштеп келем. Биздин жумуш айымдарга оңой эмес. Күнү-түнү эле жумушта болобуз, бизде чектөө деген жок. Иш убактыбыз белгиленген эмес. Кечинде жумуш болсо калабыз же түн ичинде ар кандай окуялар болсо кайра келебиз. Бизде майрам, эс алуу жок», - деди ал.

Чоң атасынын жолун жолдогон Бегайым: «Бул кесипти тандап алуума чоң атам себеп болгон. Ал ички иштер органдарында эмгектенген. Биздин үй-бүлөдө менден башка чоң атамдын жолун жолдогон эч ким жок. Үйдөгүлөр "биздин тукумдан чоң атаңдын жолун жолдогон жалгыз сен болдуң" деп сыймыктанышат», - деди.

Тескөөчү айым айрым үй-бүлөнүн жашоосун көргөндө жүрөгү ооруй турганын белгиледи.

«Биздин негизги жумушубуз жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштардын, укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат. Мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдү, лекцияларды, семинарларды, ата-энелер арасында жыйналыштарды өткөрөбүз. Социалдык педагогдор менен бирге тобокел тобундагылардын үйлөрүн (томолой жетим, ата-энеси мигрант болуп башка адамдардын колунда жашагандар) кыдырабыз. Алардын жашоо шартын карап, жаш өспүрүмдөргө болгон зордук-зомбулуктун жоктугун текшеребиз. Айрымдардын жашоо шартын көрүп жүрөгүм ооруйт. Үйүндө эч нерсе жок, ата-энеси иштебеген, балдары көп үй-бүлөлөрдү көп көрдүм», - деди ал.

Турмушка чыга элек погончон айым аял кишинин бактысы үй-бүлөдө деген ойдо. Үй-бүлөнү кудай буюрган күнү курарын айтат. Анын 2 эжеси жана 1 агасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×