Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 02.11.2018 12:03

Нарында Жергиликтүү жамааттардын күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында Жергиликтүү жамааттардын күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, майрамдык кечеге Кыргыз Республикасынын өкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлчүлүгүнүн, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык кеӊешинин жетекчилери, аппарат кызматкерлери, Нарын шаарынын депутаттары, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жана Нарын районунун айыл ɵкмɵттɵрүнүн ɵкүлдɵрү чакырылды. Аларга шаар мэри Эмилбек Алымкулов шаардын 150 жылдык мааракесин ɵткɵрүүгɵ жигердүү катышкандыгы үчүн тереӊ ыраазычылык билдирип, жергиликтүү жамааттардын ар бирине Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык кеӊешинин ыраазычылык каттары тапшырылып, сый дасторкон үстүндɵ жакшы тилектер жолдонду.

Ошондой эле «Нукура» фестивалынын жыйынтыгы чыгарылып, биринчи орунга татыктуу болгон Батыш чɵлкɵмүнүн мекемелеринен турган топ 10 миӊ сом, экинчи орунду ээлеген Чыгыш жана Борбордук чɵлкɵмдɵрүнүн топтору 8 миӊ сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын өкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов 150 жылдык маараке жогорку деӊгээлде уюштурулгандыгын баса белгилеп, Жергиликтүү жамааттар күнүнɵ карата Кыргыз Республикасынын өкмɵтүнүн ардак грамотасын жана тɵш белгисин Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Эсентур Ѳмүралиевге, Кыргыз Республикасынын өкмɵтүнɵ караштуу ɵз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин ардак грамотасын Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курмановго, «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруунун мыктысы» тɵш белгисин Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кɵрсɵтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эмилбек Чымылдаковго, облус башчысынын ардак грамотасын Нарын шаардык мэриясынын оператору Жүрсүнбек Асанкожоевге тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×