Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 02.11.2018 09:20

Нарында кыргыз милициясынын 94 жылдыгы салтанаттуу белгиленди (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын ОИИБдин кызматкерлери кыргыз милициясынын 94 жылдыгын салтанаттуу белгилешти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага Нарын облусундагы милициянын өздүк курамы, пенсиядагы кызматкерлер жана аймактык мекемелердин жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн, облустук, райондук, шаардык бийлик өкүлдөрү катышты. Майрамдык салтанатты Нарын ОИИБдин башчысы Уланбек Аалиев ачып, коомдук тартипти сактоодогу, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кыскача маалымат берди. Ошондой эле айрым милиция кызматкерлерине юбилейлик медалдарды, ардак грамоталарды, ыраазычылык каттарды тапшырды. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да куттуктоолорун жолдошуп, кызматташуудагы ийгиликтерин баса белгилешип, өздөрүнүн баалуу белектерин ыроолоду.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов да майрам ээлерин кызуу куттуктап, коомдук коопсуздукту сактоодогу жигердүү иштерине ийгиликтерди каалап, алдыңкыларды облус башчысынын ардак грамотасы менен сыйлады.

Салтанат өнөрпоз кызматкерлердин концерти менен коштолду. Ошондой эле кызмат учурунда курман болгон Самүдүн Орозобаев, Токтобек Дүйшөмакунов, Зарылбек Абдыкеримовдун жаркын элеси эскерилип, куран окулуп, эстеликке гүлчамбар коюлду.

Учурда облуста коомдук коопсуздукту сактоодо 400дөн ашуун милиция кызматкери эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×