Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 01.11.2018 17:29

Погончон айым: Майор Медина Султаналиева ата жолун улантып келет (сүрөт)

Turmush -  35 жаштагы Медина Султаналиева атасынын жолун жолдоп, милиция кызматкери болду. Ал учурда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы болуп эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы погончон айым менен таанышты.

Медина Султаналиева 1983-жылы Нарын шаарында милиция кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Кадырбек Султаналиев ички иштер органдарында иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Атасынын кесибине кызыгып, милиция кызматкери болууну самап жүргөн Медина айым максатына жеткенин айтат. Ал 2007-жылы Нарын ОИИБдеги жоюлуп кеткен басма сөз кызматынын кайрадан түзүлүшүнө салым кошкон.

Ал Нарын ОИИБдин кадрлар бөлүмүндө 2 жыл, тергөө бөлүмүндө 4,5 жыл эмгектенип, басма сөз кызматында 7 жылдан бери иштейт. Учурда Нарын ОИИБде аткарылып жаткан иштер тууралуу коомчулукка маалымат берип келет. Ал үй-бүлөлүү, 1 уул жана 2 кыздын апасы. Жолдошу да Нарын ОИИБде кызмат кылат.

«Кичинекей кезимден бери эле милиция кызматкери болууну самап, эңсеп келгем. Атамдын жолун жолдоп, өз максатыма жеттим десем болот. Анткени атам 20 жыл ички иштер органдарында элге ак кызмат кылган. 2000-жылы Кычан Жакыпов атындагы орто мектепти аяктап, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияга тапшырып, аны артыкчылык диплом менен бүткөм. 2005-жылы ИИМдин Ж.Шабиров атындагы окуу жайын окуп бүтүрдүм. Ал жерден кенже лейтенант наамын алдым.

Эмгек жолумду 2006-жылы Нарын ОИИБде кадрлар бөлүмүнүн ага инспектору болуп иштөө менен баштадым. Арадан 1 жыл өткөндөн кийин мурда жоюлуп кеткен Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы кайрадан түзүлүп, 2007-жылдын май айынан баштап иштей баштады. 2007-жылы басма сөз кызматында иштеп, 2009-жылы Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү болуп 4 жыл иштедим. 2010-жылы айымдардын ролун жогорулатуу, гендердик теңчиликти калыбына келтирүү максатында Кыргызстандагы милиция айымдарынын ассоциациясы түзүлгөн. Мени Нарын облусу боюнча төрайым кылып дайындашты.

"Эрки күчтүү айымдар" аталышындагы видеотасма тартып, "Датка айым" медалынын ээси болдум. Мындан сырткары көптөгөн медаль, ардак грамота, баалуу сыйлыктар менен сыйландым. Өмүрлүк жолдошум милициянын майору. Экөөбүз курсант кезде чогуу окуганбыз. Бир уул жана эки кызды тарбиялап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×