Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 01.11.2018 15:42

Жумгалдын айрым тургундары райадминистрациянын алды базарга айланып бара жатканына тынчсызданууда (сүрөт)

Turmush -  Жумгалда райондук мамлекеттик администрациянын алды базарга айланып бара жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чаек айылынын тургуну Шарапат Кадырова билдирди.

Анын айтымында, райондун борбордук бөлүгү мыйзамсыз курулуштарга толуп кеткен.

«Мыйзамсыз, эч уруксаты жок алынып келип орнотулган темир контейнерлердин ээлери аларды өздөрү иштетпей, ижарага берип коюшат. Алар жерге акы төлөшпөйт же салык төлөшпөйт. Ал эми соода кылгандар айласы кеткенде акимияттын алдына ар кандай товарларын жайып, соода кылып келишет. Тартип болуш керек да. Айыл өкмөтү, акимчилик жана экотехинспекция иштебей, бекер эле акча алып отурушат», - деди Ш.Кадырова.

Ал эми Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу А.Токтоналиева соодагерлерге күчү жетпей жатканын, ушу тапта айылдык кеңеш да тарап, айыл өкмөт башчысы да шайланбай, мыйзамсыз иш кылгандар көбөйүп жатканын айтты.

Мамэкотехинспекциянын Жумгал районундагы өкүлү мындай мыйзамсыз курулуштарга чара көрүлө турганын айтса, райондук мамлекеттик администрациясы комиссия түзүлөрүн билдирди.

Айыл тургуну Мырзабек Кожеков: «Жумгалда аким баш болуп, айыл өкмөтү төш болуп иштешпейт. Эмнеге мыйзамсыз курулуштар эскертүүсүз түрттүрүлбөйт? Канча контейнерлер бар, акыры акимчиликтин алдына коюп алышты. Аларды ким көзөмөлдөп, ким алдырат? Айыл өкмөт башчысынын жоктугунан пайдаланып, бүт соодагерлер өз билгенин кылып, көчөгө чыгып алышты. Каалагандарын кылып, көрктү сакташкан жок. Башкы планды карашкан жок. Аялдама курабыз деп алып, дүкөн салып алгандар толтура. Качан тартип болот?», - деди М.Кожеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×