Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 01.11.2018 08:33 На русском

Нарында милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүп, салтанаттуу жүрүш жасашты (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облустук ички иштер башкармалыгы кыргыз милициясынын 94 жылдыгын утурлай облустук, район-шаардык ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамдарын саптык кароодон өткөрдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, анда милиция кызматкерлеринин майрам алдындагы кызматтарына канчалык деңгээлде даяр экендиги текшерилди. Ар бир кызматкердин кийген формасы, алып жүргөн кызматтык күбөлүктөрү, айдаган кызматтык автоунааларынын кагаздары текшерүүдөн өткөрүлдү. Андан соң кызматкерлер салтанаттуу жүрүш жасашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×