Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 01.11.2018 08:25

Нарын шаарынын мэринин кубогуна арналган спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын май-сентябрь айларында жамааттардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, сергек жашоо образын калыптандыруу максатында шаардагы мекеме-ишканалар арасында Нарын шаарынын мэринин кубогуна арналган спорттук мелдештер ɵткɵрүлгөн.

Маалым болгондой, волейбол, баскетбол, шахмат, кол күрөш, стол үстүндөгү теннис, таяк тартыш боюнча командалар беттеш өткөрүшүп, мөөрөй талашышты. Мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Командалык эсепте аялдар арасында биринчи орунду «Кадыр ата», экинчи орунду маданият тармагынын, үчүнчү орунду облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, төртүнчү орунду райондук үй-бүлөлүк борборунун, бешинчи орунду Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн командалары камсыз кылышкан. Ал эми командалык эсепте эркектер арасында биринчи орунду Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын, экинчи орунду мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын, үчүнчү орунду Нарын медколледжинин, төртүнчү орунду Жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын, бешинчи орунду Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн командалары камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө кубок, тиешелүү даражадагы дипломдор тапшырылып, баалуу белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×