Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 01.11.2018 08:41 На русском

Кызганычтан бөтөлкөлөшүн өлтүргөн киши, кайненесин бычак менен кубалаган келин: Капитан К.Эсенгулова күбө болгон окуялар

Turmush -  Ички иштер органдарында 9 жылдан бери эмгектенген погончон айым, милициянын капитаны Кундуз Эсенгулова учурда Нарын РИИБде өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү болуп эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кундуз Эсенгулова 1990-жылы 20-сентябрда Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң үй-бүлөсүнүн каршы болгонуна карабай милиция кызматкери болууну чечкен. Кийин ойлогон максатына жетип, күч органдарында иштеген үй-бүлөгө да келин болду. Кайнатасы милиция кызматкери болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Учурда жолдошунун 4 бир тууганы да аскер кызматкери.

«Мектепте окуп жүргөндө эле форма кийип, коомдун коопсуздугун сактап, элге кызмат кылгым келчү. Мектепти бүткөндө бир чечимге келип, Милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы атайын орто кесиптик окуу жайына тапшырдым. Ал жакты бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы академиясына сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым. Ал жерде 3,5 жыл окуп, жогорку билимге ээ болдум. Апам паспорт столдо иштеп, пенсияга чыккан. Ал мен милиция кызматкери болом дегенде “өзүң кызсың, башка эле кесип тандабайсыңбы” деп айтты. Башкалар да каршы болушту. Бирок мен мектепти бүткөндөн кийин алар айткан кесипти үйрөнбөй, бир жыл бош жүрдүм. Кийин өз күчүм менен документтеримди даярдап окууга өттүм», - деди ал.

Кундуз Эсенгулова алдыңкы курсант болууга жетишип, министрдин буйругу менен сержант наамына татыган.

«Эмгек жолумду өзүмдүн туулуп-өскөн Ат-Башы жергесинде баштадым. Келгенде эле Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүндө өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында инспектор болуп жумушка орношуп, 2 айдан кийин ага тескөөчү болдум. Андан кийин Нарын районунун Жерге-Тал айылына келин болуп бардым. Үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу Нарын шаарына которулуп, ал ортодо Нарын ОИИБдин басма сөз кызматында да кызмат өтөп калдым. Учурда Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө кызмат өтөп келем. Жолдошум чек ара кызматында иштейт. Кайнатам органда иштеп пенсияга чыккан. Мен иштеген РИИБдин ардагери болуп саналат. Жолдошум өзү менен 5 бир тууган. Алардын баары аскер адамдары. Турмуш курарда бири-бирибизди түшүнөбүз деп баш коштук. Кудайга шүгүр, баары жайында», - деди ал.

Кундуз Эсенгулова иш үстүндөгү окуяларын айтып берди.

«Окуп жүргөн кезде мугалимдер өлүкканага алып барып, өлүктү кантип соёт, экспертизасы кандай чыгат, кол манжадан кол белгини кандай алат жана башкаларды үйрөтүшчү.

Өндүрүштүк практикага Ленин РИИБге бөлүнүп, ыкчам топ менен бир жерге бардык. Бир киши аялын кызганып бөтөлкөлөшүн өлтүрүп коюптур. Өтө мыкаачылык менен өлтүргөн экен. Окуя болгон күнү аталган киши, аялы жана каза тапкан адам мас абалда болушкан экен. Шектүү киши кылмыштын бетин жабуу үчүн бөтөлкөлөшүн үйүнүн артына көмүп коюптур. Кошуналары ары-бери өтүп, жаман жытты сезип, андан кийин милиция кызматкерлерине кабарлашыптыр. Аталган өлүк ал жерде жатканына бир жумадай болуптур.

Өндүрүштүк практикада жүргөндө үй-бүлөлүк чыр-чатак боюнча билдирүү түштү. Эки аймактык тескөөчү менен окуя болгон жерге бардык. Бир үйдө чогуу жашаган кайнене менен келиндин урушу экен. Алар кир жуучу машинаны талашып урушуптур. Буга чейин да урушуп жүрүшкөн экен. Биз барган учурда келини колуна бычак алып, кайненесин саям деп кубалап жүргөн экен. Колунан бычакты алып токтотуп калдык. Келинге түшүнүк кат жаздырып, тергөөчүлөргө өткөрүп бердик», - деди ал.

Погончон айым үй-бүлөлүү, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×