Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 31.10.2018 13:35

Нарын шаарындагы бала бакчаларга электрондук тизме киргизилет (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы бала бакчаларда электрондук тизме жаңы жылдан тартып ишке киргизилет. Бул тууралуу Нарын шаарынын коллегиялык отурумунун жүрүшүндө айтылды.

Маалым болгондой, Нарын шаардык мэриясында коллегиянын кезектеги отуруму ɵткɵрүлүп, анда шаардын калкынын жана социалдык объектилердин күз-кыш мезгилдерине даярдыгынын абалы, үстүбүздɵгү жылдын 9 айында социалдык-экономикалык тармакта аткарылган иштер боюнча маселелер каралды. Отурумда бала бакчаларга электрондук тизме киргизилери айтылды.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Мамбетов учурда электрондук тизменин сайты иштелип чыкканын билдирип өттү. Шаар башчысы Э.Алымкулов 2019-жылдан баштап электрондук тизме толугу менен ишке кирсин деп тапшырма берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×