Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 31.10.2018 12:46

Нарын шаарынын башчысы Э.Алымкулов коллегияда мэриянын башкы адисинин отчетун сынга алды (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 30-октябрда шаардагы 9 айда аткарылган иштер боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, коллегиянын кезектеги отурумунда шаардын калкынын жана социалдык объектилеринин күз-кыш мезгилдерине даярдыгынын абалы, үстүбүздɵгү жылдын 9 айында социалдык-экономикалык тармакта аткарылган иштер боюнча маселелер каралды. Отурумда Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Нурлан Кайыпов шаарда аткарылган иштер боюнча жалпы маалымат берип өттү. Бирок анын отчетун шаар башчысы сынга алды.

«9 ай аралыгында аткарылган иштер боюнча жалпы маалымат берип өттүңүз. Кемчиликтер кайда? Аларды дагы баса белгилеп айтышыңыз керек. Отчет берүүдө аткарылган иштерге гана эмес, кемчиликтерди кошо баса белгилеп айтышыңыз керек», - деди шаар башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×