Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 31.10.2018 11:45 На русском

Нарында курулуп жаткан ипотекалык турак үйлөрдүн баасы Бишкектеги үйлөрдүкүндөй, - коллегиялык жыйын (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында курулуп жаткан ипотекалык турак жайдын баасы Бишкек шаарындагы турак жайлардай болуп жаткандыгын кечээ, 30-октябрь күнү Нарын шаарында 9 айда аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда айтылды.

Маалым болгондой, Нарын шаардык мэриясында коллегиянын кезектеги отуруму ɵткɵрүлүп, анда шаардын калкынын жана социалдык объектилердин күз-кыш мезгилдерине даярдыгынын абалы, үстүбүздɵгү жылдын 9 айында социалдык-экономикалык тармакта аткарылган иштер боюнча маселелер каралды. Отурумда шаар башчысы курулуп жаткан ипотекалык турак үйлөр тууралуу сүйлөп жатып, мэриянын адисине кайрылып, ипотекалык турак үйлөрдүн баалары боюнча маалымат сурады. Ал эми мэриянын башкы адиси Нурлан Кайыпов ипотекага курулуп жаткан турак үйлөрдүн 1 чарчы метр аянты 40 миң сомдун тегерегин түзүп, бир бөлмөлүү батирдин баасы 20 миң доллардын тегерегинде боло тургандыгын билдирди. Буга шаар башчысы Э.Алымкулов баалар Бишкек шаарында курулуп жаткан турак үйлөрдүн баасынан айырмасы жок экендигин айтып, аз айлыкка иштеген кызматкерлерге бул баа оор экендигин белгиледи.

«Ипотекалык турак үйлөрдү куруп жаткан компания менен дагы сүйлөшүп, баалары менен тааныштым. Чынында баасы Бишкектеги турак үйлөрдөй экен. Тийиштүү жерлерге кайрылганыбызда, курулуш иштери жана курулуш материалдарын Нарынга ташып баруу бир топ каражатты талап кыла тургандыгын билдиришти», - деди шаар башчы.

2017-жылдын 8-сентябрь күнү мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Нарын шаарындагы ипотекалык турак жайдын капсуласын салууга катышкан.

«Арзан турак жай 2015-2020-жылдары» мамлекеттик программасынын алкагында курулуп жаткан турак жай 5 кабаттуу болуп, 60 батирден турат. Турак жайлардын курулуш иштери 2018-жылдын 28-ноябрында аяктары болжолдонгон. Анын жалпы сметалык баасы 93 млн 188 миң 226 сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×