Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 31.10.2018 10:48

Нарында эски суу түтүктөр жарылып, таза суу берүү үзгүлтүккө учурап жатат

Turmush -  Нарын шаарында эскилиги жеткен таза суу түтүктөрү жарылып, анын кесепетинен айрым аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык суу канал ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 29-октябрь күнү шаардын Ат-Башы көчөсүнөн Жаны-Жол аймагына чейин таза суу берүү убактылуу токтотулган. Буга Ж.Шералиев атындагы көчөдө суу түтүктөрү жарылганы себеп болду. Учурда оңдоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Ж.Шералиев көчөсүндөгү жер алдындагы эскирген таза суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери башталган эле. Шаардыктар үчүн маанилүү курулуш Кыргыз Республикасынын Өкмɵтү менен Европа реконструкциялоо жана ɵнүктүрүү банкынын «Нарын шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун алкагында жүзɵгɵ ашууда. Долбоордун жалпы наркы 25 миллион еврону түзɵт. Ал эми баштапкы инвестициянын суммасы — 5,2 миллион евро.

Оңдоо иштери

Нарын

Нарын

Нарын

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×