Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 10.11.2018 21:59 На русском

Нарындык эгиздер Эсен менен Болот. Бири апасына, бири атасына окшош (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында жашаган эгиздер Эсен менен Болоттун сырткы келбети кичине кезинде окшош болсо, чоңойгон сайын өзгөрүлө баштаган. Эгиздердин жашоосу тууралуу Эсен аймактык кабарчыга айтып берди.

Эгиздер 2002-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Учурда шаардагы №1 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинде 10-класста билим алып жатышат. Алар жалпы 7 бир тууган.

Эсен келечекте Кыргызстандын желегин желбиретип, өлкөнү дүйнө жүзүнө тааныткысы келет.

«Мектепти бүткөндөн кийин мугалимдик кесипти тандайын деп жатам. Дене тарбия мугалими болуп, окуучуларга сабак берип, аларды машыктырууну каалайм. Кыргызстандын атын дүйнө жузүнө таанытып, желегин желбиретип, алга сүрөгүм келет. Учурда сабактан кийин бокс менен машыгам. Спорттун бул түрү менен 4 жылдан бери машыгып келе жатам.

Мелдештерге да катышып, Нарын шаарында 52 кг салмактагылар арасында 1-орунду, Оттук айлынан 3-орунду алып келсем, өткөн жылы Казакстандын Арс деген шаарына бардым. Азыркы учурда Нарында өтүүчү мелдешке катышууга даярданып жатабыз.

Эгизим Болот экөөбүз 5-класска чейин окшош болдук, бирок кийин өзгөрүп кеттик. Көчөдөн адамдар токтотуп алып: “Эгизсиңерби?” деп сурап калышчу. Кийинчерээк экөөбүз окшошпой өзгөрүлө баштадык. Бирибиз апабызга, бирибиз атабызга окшошуп баратабыз. Азыр эгизбиз десек айрымдар ишенишпейт.

Болот экөөбүз бири-бирибизден алыс болсок ооруп калып же куса болобуз. Мага Болоттун сүйлөгөнү жагат, бардык жерден жакшы сүйлөйт. Ал оң колу менен жазса, мен сол колум менен жазам. Ал эми мүнөзүбүз боюнча айтсам, Болот жоош, мен тентегирээкмин», - деди Эсен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×