Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2018 17:55

Нарында прокуратура кызматкерлери үчүн көп кабаттуу турак жайдын курулушу башталды (видео, сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 30-октябрда Нарын шаарындагы Москва чөлкөмүндө Нарын шаарынын жана Нарын облусунун прокуратура кызматкерлери үчүн 3 кабаттуу турак үйдүн курулушу башталып, капсуласы салынды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чарага прокуратура кызматкерлери жана облустук, райондук, шаардык бийлик өкүлдөрү катышты. КРдин өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов жана Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун биринчи орун басары Нурлан Дарданов куттуктоо сөздөрүн айтышып, прокуратура кызматкерлери үчүн акжолтой үй болсун деген тилектерин билдиришти.

Турак үйдүн имараты 3 кабаттан туруп, үч үй 3 бөлмөлүү, 9 үй 2 бөлмөлүү, 12 үй бир бөлмөдөн болуп курулат. Анын курулушуна республикалык бюджеттин эсебинен 33 миллион сом каражат бөлүнгөн. Мындай үйлөр Жумгал жана Ак-Талаа райондорунда да курулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×