Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2018 17:41

Тагдыр: Майып арабасын өзү жасаган 59 жаштагы Ү.Мукашев унаа оңдоп, киреше таап келет (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 59 жаштагы тургун Үсөн Мукашев майып арабасын өзү жасап алган. Учурда ал жөн жатып албай, унааларды, турмуш-тиричилик буюмдарды оңдоп киреше табууда. Андан аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, тапкан акчасы күндөлүк жашоосуна кенен жетет. Ал эми майыптыгына чектелген жөлөк пулу дары-дармегинен ашпайт.

Каарманыбыз Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 1959-жылдын 2-февралында туулган.

«Мен кичинекей кезимден бери эле баспайм. 4-класска чейин үйдөн окуп билим алгам. Кийин шайтан араба менен мектепке бара баштадым. Анда дагы шайтан арабанын рулуна колум жетпей, төшүм менен жатып алып айдачумун. Жашоодо чөгүп кеткен жокмун. 16 жашымда фотоаппарат кармап, сүрөт тартканды үйрөнүп, союз маалында паспорт столдо сүрөтчү болуп иштечүмүн. Союз таркагандан кийин Бишкек шаарына барып, сүрөт тартып иштеп жаттым. Ошентип жүрүп автоунааларды оңдоону үйрөнүп алдым. Унаанын моторлорун жардамчыларым аркылуу жасайм. Жашоодо эч нерсеге нааразы эмесмин», - деди ал.

Үсөн Мукашев мындан 16 жыл мурун Бишкек шаарынан үй алуу үчүн майыптардын атайын каттоосуна алынып, бирок ушул күнгө чейин турак жай алган эмес. Туруктуу баш калкалоочу жери жок болгондуктан былтыр апасы кышында суук деп Казыбек айылына алып келген.

Апасы Турдубүбү Койчуманова Үсөнбек анын экинчи баласы экенин, алты айында полиомиелит (балдардын жугуштуу шал оорусу) оорусу менен ооруп, баспай калганын билдирди.

«Уулум Үсөнбек 6 айында полиомиелит оорусу менен ооруп, буту баспай калды. Ал боюмдан улам козголуп жатып, аны 12 ай көтөрүп калдым. Ошондон улам чоңураак төрөлүп калган. Алты айына чейин ден соолугу чың эле бала болчу. Көз тийип калды дешти. Молдого, дарыгерге көрсөттүк, алып барбаган жерибиз калбады. Ошентип өзүм эле багып чоңойттум. Бирөөлөр үй алуу үчүн Бишкек шаарына барып катталышыңар керек дегенинен, ал жерге барып каттоого турду. Бирок ушул күнгө чейин үй ала элек. Ушул жашка чейин бир дагы адамдан жардам ала элекпиз», - деди ал.

Үсөн Мукашевге жардам берүүнү каалагандар 0705 82 64 63 телефон номуру аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×