Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2018 17:24

Нарындагы акцияда ыктыярдуу донорлор кан тапшырышты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 30-октябрда Нарын облустук кан борбору Кызыл Ай коому менен бирге Нарын шаарындагы мекемелерде акция өткөрдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Кан тапшыр, жашоо тартуула» урааны астында өткөн акция жаштарды кан тапшырууга тартуу максатында уюштурулду. Облустук кан борборунун кызматкерлери шаардагы мекемелерди көчмө бригада менен кыдырып, кан чогултушту.

Акцияга Нарын медициналык колледжинин студенттери активдүү катышып, 15 донор кан берди. Ал эми Нарын мамлекеттик университетинен 12 адам донор болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×