Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2018 15:11

Нарында маданият кызматкерлеринин арасында спорттук мелдеш өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында маданият кызматкерлеринин арасында спорттук мелдеш башталды. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучусу Жолдошбек Абыкеев билдирди.

Анын айтымында, мындай мелдеш жыл сайын уюштурулуп келет. Бул жолку мелдешке 5 команда катышып жатат. Мелдеш спорттун 4 түрү — шахмат, стол үстүндөгү теннис, волейбол, футбол боюнча өтөт.

«Быйыл маданият кызматкерлеринин кыздар командасы мериянын 2-даражадагы кубогун утуп алды. Былтыр биринчиликти алган болчубуз. Быйылкы мелдеш мекемелерди бири-бири менен жакындаштыруу, сергек жашоого үндөө, маданият кызматкерлеринин арасынан курама команда топтоо максатында уюштурулду. Бүгүн шахмат мелдеши боюнча жыйынтык чыкты, учурда теннис боюнча мелдеш өтүүдө. 31-октябрда мырзалар жана айымдар арасында волейбол, 1-ноябрда жигиттер арасында футбол боюнча мелдеш өтөт», - деди ал.

Шахмат боюнча мелдеште 1-орунду мырзалар арасында журналист Күмөндөр Усуптегин, ал эми айымдар арасында Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектептин мугалими Жылдыз Абдыраева багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×