Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2018 13:27

Бала тили — бал: Палийца болом. Укпагандарды, аябай тентектерди камайм, - 6 жаштагы Нурэл (сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 6 жаштагы Нурэл Канат уулу болмокчу.

Нурэл учурда мектепке даярдоо классында билим алып, кошумча бала бакчадагы сүрөт тартуу ийримине катышат. Ал келечекте милиция кызматкери болууну кыялданат.

- Нурэл, мектептен эмнелерди үйрөндүң?

- Мектепте эжекелер кечке сабак өтөт экен. Санадым, тамгаларды айтып берип турам.

- Бош убактыңда эмне кыласың?

- Сүрөт тартам. Сабактан чыгып «Чебурашкага» кирип, сүрөт тартканды үйрөнөм. Мурун ошол бала бакчага барчумун. Азыр болсо мамам мектепке барасың деп койгон.

- Кайсы президенттерди тааныйсың?

- Мага Атамбаев жагат. Ал папамдын доскеси болчу. Папам менин досум дечү да, ошол үчүн жагат. Жээнбеков папам менен дос боло элек го, мага айта элек.

- А, чоңойгондо президент болгуң келеби?

- Жок, президент болбойм. Мен деген палийца болом. Ууруларды, атасын, апасын, укпагандарды достору менен, мушташкандарды, аябай тентектерди, жанакы кинодогудай писталет (тапанча) менен атышкандарды кармап, камап салам. Полийца деген серьезный адам болушу керек.

- Канча бир туугансың?

- Эки бөбөгүм бар. Бирөөсү апамдардыкында, эркелей берет да ал. А, мен болсо алардан эң чоңмун, серьезный байкемин. Бөбөктөрүмдү ойнотом, жетелеп эшикке алып чыгам, мамамды ээрчип ыйласа сооротом.

- Кайсы мамлекетке барып эс алгың келет.

- Мен өллө кооз жерге баргым келет. Фантандар, оюнчуктар көп жерге барып ойноп, эс алып. Кытай вообще жакпайт. Курттардын баарын жешет экен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×