Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 30.10.2018 11:46 На русском

Нарын шаарында 41 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы жигит кармалды

Turmush -  Нарын шаарында 41 жаштагы кишини өлтүрүүгө шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 29-октябрь күнү саат 13:15 чамасында Нарын ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам кызматы тарабынан шаардагы үйлөрдүн биринде киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адам тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлдөрүнүн ыкчам маалыматынын негизинде өлүктүн өздүгү такталып, ал — Нарын районунун 41 жаштагы М.У. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Ошондой эле, акыркы күндөрү туруктуу жашаган жери жок, ар кимдин үйүндө түнөп жүргөндүгү такталган.

Бул факты боюнча ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталды.

2018-жылдын 29-октябрына караган түнү саат 24:00 чамасында Нарын шаарындагы үйлөрдүн биринде Нарын районунун 41 жаштагы М.У. аттуу тургуну менен Нарын шаарынын 20 жаштагы Д.уулу Д. аттуу тургуну спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишкен. 20 жаштагы жигит М.У.ну ур-томокко алган. Анын кесепетинен 41 жаштагы киши алган жаракатынан улам каза болуп, ал эми Д.уулу Д. белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду. Атайын ыкчам тергөө тобу түзүлүп, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Д.уулу Д. кармалып, Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда аталган кылмыш боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×